Банкноттор жана жасалма болуп чыгышына тоскоол кылуучу чаралар

Дүйнө жүзүндөгү ар бир мамлекет банкноттордун сүрөттөрүн басып чыгарууда атайын легалдуу чектөөлөргө ээ. Жасалма валютаны чыгаруу бул - криминалдуу иш болуп саналат жана чектөөлөр мамлекетке ылайык айырмаланып турат. Мисалы, банкнотторду басып чыгаруу кандайдыр бир реклама же иллюстративдик максат менен болобу, бул ишке тыюу салынган. Эгерде кээ бир өлкөлөрдө банкнотторду басып чыгарууга жол берилсе да, баары бир атайын эрежелери жана талаптары болот. Бул веб-сайт сиздерге банкнотторду басып чыгаруу жөнүндөгү маалыматтарды берет жана башка өлкөлөрдөгү ушул суроо боюнча иш жүргүзгөн веб-сайттар менен байланышууга жардам берет.

Коом экономикалык жоготтууга учурап жаткан маалда, жасалма акчаларды басып чыгаруу негизинен чектелген, бирок баары бир мындай көрүнүштөн жабыркагандар булар - бизнесмендер жана жөнөкөй жарандар. Анткени эч ким жасалма акчалардан жабыркагандарга төлөп бербейт. Ошол эле убакта акча белгилерин жасалгалоо төлөө системасын да жабыркоого алып барат жана коомчулуктун накта эсеп келишимдердин убагында шектенүүгө жана ишенбөөгө алып келет.

Жасалма акчалардын чыгышына Тоскоол кылуучу Европалык Борбордук Банкынын Уюму (The Central Bank Counterfeit Deterrence Group; CBCDG) бул сайтка жоопту. Жасалма валютанын чыгышына Тоскоол кылуучу Система (Counterfeit Deterrence System, CDS) CBCDG тобу тарабынан киргизилип, жасалма банкнотторду чыгарууда жеке компьютерлерди, санариптик жабдууларды жана атайын компьютердик программаларды колдонууга тоскоолдук кылат. CDS компьютердик программаларын иштеп чыгуучулар тарабынан өз ыктыяры менен киргизилип, бул система жасалма банкнотторду чыгарууда жеке компьютерлерди жана электрондук көчүрмө аппараттардын банкноттордун сүрөттөрүн жазып жана чыгарууга тоскоолдук кылат. Бирок CDS системасы жеке компьютерлердин жана санариптик көчүрмөлөрдү колдонуучулардын ишин көзөмөлгө албайт.

Кандайдыр бир мамлекет же ошол мамлекеттин банкнотунун сүрөтү жөнүндө маалымат алгыңыз келсе, төмөнкү картадан ошол регионду, өлкөнү же валютасын тандап алсаңыз болот.

1.

Региондор:

Төмөндөгү тизмеден же картадан керектүү регионду тандап алыңыз
 

Валюта:

Өлкөлөр:

Тилдер:

EUR – евро Андорра, Австрия, Бельгия, Кипр, Эстония, Финляндия, Франция (ошондой эле Француз Гвианасы, Гваделупе аралы, Мартиника аралы, Майотта, Реюнион аралы, Сен-Пьер жана Микелон, Француз Түштүк жана Антарктика аймактары), Германия, Греция, Ирландия, Италия, Косово, Латвия, Литва, Люксембург, Мальта, Монако, Черногория, Нидерланд аралдары, Португалия, Сан-Марино, Словакия, Словения, Испания, Ватикан шаары Болгарча, хорватча, чехче, датча, нидерландча, англисче, эстончо, финче, французча, немисче, грекче, венгерче, ирландча, италиянча, латвияча, литвача, мальтача, полякча, португалча, румынча, словакча, словенче, испанча, шведче

Расмий банк же бөлүм:

Байланыш маалыматы:

Шилтемелер:

Европанын борбордук банкы Кесипкөй колдонуучулар үчүн банкнотанын жогорку чечилиштеги сүрөттөрү

Укуктук маалымат

Евро банкноталарынын номиналдары, техникалык мүнөздөмөлөрү, көчүрмөлөө, алмашуу жана колдонуудан алып салуу тууралуу 2013-жылдын 19-апрелиндеги ECB/2013/10 чечим (OJ L 118, 30.4.2013, 37-бет )

Евро банкноталарын мыйзамга каршы келген шарттарда көчүрмөлөө, алмашуу жана жокко чыгаруу жосундарына карата чара көрүү боюнча 2003-жылдын 20-мартындагы ECB/2003/5 көрсөтмөсү (OJ L 78, 25.3.2003, 20-бет)

Dpi чечилиши төмөн сүрөттөр

Банкноталарды көчүрмөлөө тууралуу жалпы маалымат:

Бул валютанын белгилерин атайылап бузуу кылмышка тете жосун катары каралат.

Көчүрмөлөнгөн валюта кылмыш иши катары карала турган орунсуз шарттарда көрсөтүлбөшү керек (мисалы, порнографиялык же зордук-зомбулук мазмунундагы материалда). Көчүрмөлөө аракеттери евро банкноталарына колдонулган автордук укук эрежелерин буза турган болсо, аларды көчүрмөлөөгө тыюу салынат.

ECB/2003/5 Көрсөтмөсүнүн 1-беренесинде көчүрмөлөөнүн мыйзамга каршы келе турган шарттары, ошондой эле ECB/2013/10 Чечиминин 2-беренесинде евро банкноталарын мыйзамсыз көчүрмөлөө шарттары каралган. Евро банкноталарын ушундай шарттарда көчүрмөлөөгө таптакыр жол берилбейт. Аталган Чечимдин 2(3)-беренесинде көчүрмөлөө аракеттери үчүн атайын уруксат талап кылынбай турган укук ченемдүү шарттар так көрсөтүлгөн. Ушул шарттар так аткарылбаган учурларда, атайын уруксат же көчүрмөлөө эрежелеринин сакталгандыгын ырастоо талап кылынат.

Басма сөз каражаттарында көчүрмөлөө:

Бул учурда да бир катар чектөөлөр каралган. Көчүрмөлөнгөн банкноталардын өлчөмүнө чектөөлөр, анын бир тарабы же эки тарабы тең көрсөтүлгөндүгүнө жараша коюлат. Жалпысынан алып караганда, көчүрмөлөө аракети мыйзамдуу болушу үчүн, ECB/2013/10 Чечиминдеги жана ECB/2003/5 Көрсөтмөсүндөгү эрежелер так сакталышы керек.

Электрондук каражаттарда көчүрмөлөө:

Эгер банкнотанын санариптик сүрөтү жалпыга көрүнө турган болсо, ал төмөнкү эки критерийге жооп бериши керек:

  • Сүрөттүн чечилиши бир дюймга 72 чекиттен ашпашы керек.
  • Сүрөттүн үстүнө кыйгачынан “SPECIMEN” («ҮЛГҮ») деген жазуу түшүрүлөт. Жазуу контрасттык түстө болуп, узундугу сүрөттүн узундугунун 75% кем эмес, ал эми тамгалардын бийиктиги - сүрөттүн жазылыгынын 15% кем эмес болушу керек.