Банкноттор жана жасалма болуп чыгышына тоскоол кылуучу чаралар

Дүйнө жүзүндөгү ар бир мамлекет банкноттордун сүрөттөрүн басып чыгарууда атайын легалдуу чектөөлөргө ээ. Жасалма валютаны чыгаруу бул - криминалдуу иш болуп саналат жана чектөөлөр мамлекетке ылайык айырмаланып турат. Мисалы, банкнотторду басып чыгаруу кандайдыр бир реклама же иллюстративдик максат менен болобу, бул ишке тыюу салынган. Эгерде кээ бир өлкөлөрдө банкнотторду басып чыгарууга жол берилсе да, баары бир атайын эрежелери жана талаптары болот. Бул веб-сайт сиздерге банкнотторду басып чыгаруу жөнүндөгү маалыматтарды берет жана башка өлкөлөрдөгү ушул суроо боюнча иш жүргүзгөн веб-сайттар менен байланышууга жардам берет.

Коом экономикалык жоготтууга учурап жаткан маалда, жасалма акчаларды басып чыгаруу негизинен чектелген, бирок баары бир мындай көрүнүштөн жабыркагандар булар - бизнесмендер жана жөнөкөй жарандар. Анткени эч ким жасалма акчалардан жабыркагандарга төлөп бербейт. Ошол эле убакта акча белгилерин жасалгалоо төлөө системасын да жабыркоого алып барат жана коомчулуктун накта эсеп келишимдердин убагында шектенүүгө жана ишенбөөгө алып келет.

Жасалма акчалардын чыгышына Тоскоол кылуучу Европалык Борбордук Банкынын Уюму (The Central Bank Counterfeit Deterrence Group; CBCDG) бул сайтка жоопту. Жасалма валютанын чыгышына Тоскоол кылуучу Система (Counterfeit Deterrence System, CDS) CBCDG тобу тарабынан киргизилип, жасалма банкнотторду чыгарууда жеке компьютерлерди, санариптик жабдууларды жана атайын компьютердик программаларды колдонууга тоскоолдук кылат. CDS компьютердик программаларын иштеп чыгуучулар тарабынан өз ыктыяры менен киргизилип, бул система жасалма банкнотторду чыгарууда жеке компьютерлерди жана электрондук көчүрмө аппараттардын банкноттордун сүрөттөрүн жазып жана чыгарууга тоскоолдук кылат. Бирок CDS системасы жеке компьютерлердин жана санариптик көчүрмөлөрдү колдонуучулардын ишин көзөмөлгө албайт.

Кандайдыр бир мамлекет же ошол мамлекеттин банкнотунун сүрөтү жөнүндө маалымат алгыңыз келсе, төмөнкү картадан ошол регионду, өлкөнү же валютасын тандап алсаңыз болот.

1.

Региондор:

Төмөндөгү тизмеден же картадан керектүү регионду тандап алыңыз
 

Валюта:

Өлкөлөр:

Тилдер:

GBP – фунт стерлиң Бириккен Падышалык Англисче

Расмий банк же бөлүм:

Байланыш маалыматы:

Шилтемелер:

Англия Банкы

Reproductions Officer
Bank of England
Threadneedle Street
London EC2R 8AH
United Kingdom

E-mail: banknote.reproductions@
bankofengland.co.uk

Англия Банкынын эрежелери

Англия Банкынын Банкнот Элестеринин китепканасы

Банкнотторду кайра жасоо тууралуу жалпы маалымат:

1981-жылкы Жасалма жасоо тууралуу актынын 18(1) бөлүмүнө ылайык, алгач Англия Банкынын жазуу жүзүндөгү макулдугун албай туруп Англия Банкынын кайсы болбосун банкнотун же Англия Банкынын банкнотунун кайсы болбосун бөлүгүн кандай затта болбосун, же туура өлчөмдө болобу же жокпу, кайра жасоо кайсы болбосун киши үчүн кылмыш болуп саналат. Англия Банкы ошондой эле өзүнүн банкнотторуна автордук укукка ээ.

Кайра жасоолор кемсинтерлик же орунсуз контекстте же Банк өзүнүн жеке пикиринде валютанын бүтүндүгүнө доо кетирет деп түшүнгөн жол менен берилбеши керек.

Процедура

Англиянын Банкынын банкнотторунун элестерин колдонгусу келгендердин үч тандоосу бар:

  1. Банкнот элес китепканасы: Жактырылган элестер биздин банкнот элес китепканабызда жайгашкан; элестер менен иштегенде колдонуучулар биздин кайра жасоо жоболорубузга жана шарттарыбызга баш ийиши керек, шарттарды аткарбоо укуктук аракетке алып келиши мүмкүн.
  2. Англия Банкынын Банкнот Элестеринин китепканасы

  3. Банкнот кайра жасоолоруна тапшыруу: Англия Банкынын банкнотторунун башка кайсы болбосун элестерин колдонуп жатса, кишилер биздин кайра жасоо жоболорубузду жана шарттарыбызды түшүндүргөн Банкнот кайра жасоолоруна тапшыруу формабызды толтуруп тапшыруу менен онлайн макулдук сурашы керек.
  4. Банкнот кайра жасоолоруна тапшыруу формасы

  5. Почта аркылуу тапшырууларды түшүрүп алма тапшыруу формасын басып чыгарып, толтуруп, ылдыйкы берилген кат алмашуу дарегине жөнөтүү аркылуу да аткарса болот. Нот кайра жасоолор боюнча кызматкер тапшырууну алгандан кийин 5 жумуш күнүнүн ичинде жооп бергенге аракет кылат.
  6. Түшүрүп алма тапшыруу формасы

Банкнотторду кайра жасоо тууралуу каттар бул жерге багытталышы керек:

Bank of England

Banknote Reproductions Officer

Notes Directorate

Threadneedle Street London EC2R 8AH

Англия Банкынын Нот кайра жасоолор боюнча кызматкерине мындайча кайрылса болот: banknote.reproductions@bankofengland.co.uk же +44 (0)20 7601 4028.

Басылма каражаттарда кайра жасоо:

Физикалык кайра жасоолор үчүн банкнот элестерин кайра жасоого уруксат адатта бул критерийлер аткарылганда берилет:

  1. Кайра жасоолор бир жактуу гана болушу керек.
  2. Кайра жасоолор чыныгы банкноттордой өлчөмдө болбошу керек; алар жок дегенде 25% кичирээк же жок дегенде 25% чоңураак болушу керек. Банкноттордун бөлүктөрүн кайра жасоолор ушундай эле шарттарды аткарышы керек.
  3. Кайра жасоолор кемсинтерлик же орунсуз контекстте же Банк өзүнүн жеке пикиринде валютанын бүтүндүгүнө доо кетирет деп түшүнгөн жол менен берилбеши керек.
  4. Канышанын элеси эч кандай бурмаланбашы керек (чоңойтуу, кичирейтүү же эңкейтүүдөн башка).
  5. Кийинки шарттардын жок дегенде бирөө аткарылышы керек:

  1. Кайра жасоолор Англия Банкынын банкнотторунун учурдагы сериясын басып чыгарууга колдонулган материалдардан көз көрүнөө башкача жана айырмаланып турган материалда басып чыгарылышы керек.
  2. Бир бетинин 50%ынан көбүн көрсөткөн кайра жасоолор 20дан көп эңкейбесе, "ҮЛГҮ" (SPECIMEN) сөзү менен үстүнөн жаздырылышы керек. SPECIMEN белгилөөлөрү калың боз арип менен, банкноттун борбору аркылуу 45 эңкейиште, ноттун узунунун 1/3нен жана бийиктигинин 1/10нен аз эмес жасалышы керек.
  3. Бир бетинин жалпы бет аймагынын 50%ынан азыраак көрсөткөн кайра жасоолор эңкейтилип же үстүнөн "SPECIMEN" сөзү менен бастырылышы керек эмес.

Электрондук каражаттарда кайра жасоо:

Санарип/башка кайра жасоолор үчүн банкнот элестерин кайра жасоого уруксат адатта бул критерийлер аткарылганда берилет:

  1. Кайра жасоолор кемсинтерлик же орунсуз контекстте же Банк өзүнүн жеке пикиринде валютанын бүтүндүгүнө доо кетирет деп түшүнгөн жол менен берилбеши керек.
  2. Канышанын элеси эч кандай бурмаланбашы керек (чоңойтуу, кичирейтүү же эңкейтүүдөн башка).

    Кийинки шарттардын жок дегенде бирөө аткарылышы керек:

  1. Бир бетинин 50%ынан көбүн көрсөткөн кайра жасоолор 20дан көп эңкейбесе, "ҮЛГҮ" (SPECIMEN) сөзү менен үстүнөн жаздырылышы керек. SPECIMEN белгилөөлөрү калың боз арип менен, банкноттун борбору аркылуу 45 эңкейиште, ноттун узунунун 1/3нен жана бийиктигинин 1/10нен аз эмес жасалышы керек.
  2. Бир бетинин жалпы бет аймагынын 50%ынан азыраак көрсөткөн кайра жасоолор эңкейтилип же үстүнөн "SPECIMEN" сөзү менен бастырылышы керек эмес.