С̲
KGS
Кыргыз сому
Өлкөлөр
Кыргыз Республикасы
Тилдер
Кыргыз
орус
Байланыш маалыматы

Чуй көч. 168

Бишкек шаары, 720001

Кыргыз Республикасы

Тел.: +996 31 266 9011
         +996 31 266 9226
Факсы: +996 31 261 0730
Эл. почтасы: mail@nbkr.kg

 

Банкноталарды көчүрмөлөө тууралуу жалпы маалымат

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторунун сүрөттөрүн колдонуу, анын касиеттери (өлчөмү, түсү, сүрөтү) Кыргыз Республикасынын чыныгы банкнотторуна окшош болуп төлөм катары кабыл алынышы мүмкүн болсо, мындай иштерди жасоого тыюу салынат жана кылмыш катары эсептелинет.

 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодекси

225-берене. Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо

 

1. Жасалма акча белгилерин, металл тыйындарды, баалуу кагаздарды же чет өлкөлүк валютаны же чет өлкөлүк валютадагы баалуу кагаздарды сатуу максатында жасоо же болбосо сатуу максатында сактоо, ошого тете сатуу төмөнкүдөй айып салынат: 

VI-категориядагы айып: 

- жашы жетелектер үчүн 800дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (80 000 сомдон 100 000 сомго чейин);  

- башка адамдар үчүн 1800дөн 2200 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (180 000 сомдон 220 000 сомго чейин). 

же II-категориядагы айып салуу менен II-категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат: 

- жашы жетелектер үчүн бир жыл алты айдан эки жыл алты айга чейин (40 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып салуу менен); 

- башка адамдар үчүн эки жыл алты айдан беш жылга чейин (100 000 сомдон 140 000 сомго чейин айып салуу менен). 

 

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: 

 1) ири өлчөмдө; 

 2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан, III-категориядагы айып салуу менен III-категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат: 

- жашы жетелектер үчүн эки жыл алты айдан төрт жылга чейин (60 000 сомдон 80 000 сомго чейин айып салуу менен); 

- башка адамдар үчүн беш жылдан жети жыл алты айга чейин (140 000 сомдон 180 000 сомго чейин айып салуу менен). 

 Эскертүү. Кылмыш жасоо учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн бир миң эсе ашкан кылмыш предметинин наркы ушул беренеде ири өлчөм деп таанылат. 

 

Басма сөз каражаттарында көчүрмөлөө

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 214-беренесине ылайык улуттук валютага түшүрүлгөн сүрөттөр өзүнүн өзгөчөлүктөрү (өлчөмү, түсү, түшүрүлгөн сүрөттөрү) боюнча төлөм жүгүртүүсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын чыныгы акчалары катары кабыл алынышы мүмкүн болгон улуттук валютанын акчаларына (тыйындарына) түшүрүлгөн сүрөттөрдү же кандайдыр бир жарым фабрикаттарды (бир же бир нече түстөрдө) пайдалануу жана көчүрүп чыгаруу, 3-категориядагы айып пул салууга алып келет:  

- жеке адамдар үчүн – 55 эсептик көрсөткүч (б.а. 5 500 сом); 

- юридикалык жактар үчүн – 170 эсептик көрсөткүч (б.а.17 000 сом). 

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, эгерде акчанын сүрөттөлүшү өтө чоңойтулган (150 пайыздан кем эмес) же өтө кичирейтилген (50 пайыздан аз) масштабда, ошондой эле жарык менен берилүүчү жарнама түрүндө берилсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий уруксаты жок улуттук валютанын акчаларынын (тыйындарынын) сүрөттөлүшүн бир же бир нече түстөрдө көчүрүп чыгарууга жол берилет. 

 

Электрондук каражаттарда көчүрмөлөө

 

Эгерде банкноттун цифралык сүрөттөлүшү жалпыга жеткиликтүү болсо, анда ал төмөнкү эки критерийди канааттандырууга тийиш:  

- дюймуна 72 чекиттен ашпаган уруксат берилет;   

- сүрөттөлүштүн диагоналына “ҮЛГҮ” деген сөз түшүрүлөт. Жазуу контрасттык түстө түшүрүлүп, анын узундугу сүрөттүн узундугунан 10%га кем эмес, ал эми тамгалардын өлчөмү - сүрөттүн туурасынан 10%га кем эмес болушу керек.