£
GBP
фунт стерлинги
Расмий банк же бөлүм

Англия Банкы

Өлкөлөр
Бириккен Королевствосу
Тилдер
англисче
Байланыш маалыматы

Bank of England
Threadneedle Street
London EC2R 8AH
United Kingdom

E-mail: enquiries@bankofengland.co.uk

Банкноталарды көчүрмөлөө тууралуу жалпы маалымат

Англия Банкынын каалагандай банкнотторун каалагандай масштабда же Англия Банкынын банкнотторунун бөлүгүн калаагандай жактын, Англия Банкынын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз чыгаруусу кылмыш болуп эсептелинет.

Англия Банкынын банкнотун бузуу (көчүрүүнү, сөздөрдү, тамгаларды же символдорду кайра чыгарууну кошо эсептегенде) мыйзамсыз болуп саналат.

Автордук укук менен корголуучу объектти макулдуксуз же лицензиясыз көчүрүү, кылмыш болуп саналат. Англия Банкынынын банкнотторуна автордук укуктар ага таандык болот.

Англия Банкы, банкнотту же алардын бөлүгүн төмөндө баяндалган шарттарда чыгаруу канааттандырган шартта макулдук берет.

Англия Банкы жактырган сүрөттөрдүн бирөө колдонулгандыгына же өзүнүкүн түзгөндүгүнө карабастан, банкнотторду чыгаруу шарттарын дайыма сактоо зарыл, ал эми шарттар сакталбаса юридикалык кесепеттер болушу мүмкүн.

Банкнотторду чыгаруунун кийинки шарттары колдонулат:

  • бардык банкнотторду же анын бөлүгүн чыгарууга;
  • банкноттун бетки жана арткы тарабын чыгарууга; жана
  • Англия Банкы чыгарган бардык банкнотторду, алар учурдагы мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналса да, саналбаса да репродукциялоого

Учурдагы жана жүгүртүүдөн алынып салынган банкноттордун чыгарууда колдонууга мүмкүн болгон бекитилген сүрөттөрүн, Англия Банкынын банкнотторунун сүрөттөрүнүн китепканасынан жана биздин веб-сайттан алынып салынган банкноттор бөлүмүнөн жүктөп алса болот.

Жаңы банкноттор жана жол берилбеген  репродукциялоолор

Биздин банкноттордун жаңы версияларын, мисалы, атактуулардын сүрөтү менен чыгарууга тыюу салынат. Ал болгон учурлар менен байланыштуу, банкноттор ушундай өзгөртүлгөндө накта деп жаңылып кабыл алышкан.

Көрсөтүлгөндө же тийиштүү контекстте эмес пайдаланылганда, же алар жаңылып накта банкноттор катары кабыл алынган учурларда, биздин банкнотторду репродукциялоо шарттарга жооп бербейт жана чыгарылышы мүмкүн эмес. Мындайларга:

  • Банкнотторду эки тараптуу репродукциялоолор.
  • Накта банкноттордун өлчөмүндөй репродукциялоолор.
  • Банкноттторду жок кылууга негизделген репродукциялоолор. Кесилген же өрттөлгөн банкноттордун сүрөттөрү же жок кылына турган, мисалы, кездеме сыяктуу материалдар.
  • Банкнотторго киргизилген адепсиз мазмундагы,  мисалы, сексуалдык мүнөздөгү ачык сүрөттөрү менен материалдар.
  • Канышанын же банкноттордогу бардык адамдардын көрүнүшүн сыйлабастык менен бурмалаган сүрөттөр.
  • Учурдагы Англия Банкынын банкнотторун басып чыгарууга колдонулган  өтө окшош болгон материалда, эгерде ал "ҮЛГҮ" (SPECIMEN) деген сөздү киргизбесе, же банкноттун жарымын гана көрсөткөндө репродукциялоолор кирет.

Ушундай чыгаруу, банкноттордун бүтүндүгүнө же жалпы жеткиликтүү беделине таасир этиши мүмкүндүгүнө, кемсинүүнү пайда кылып же автордук укуктардын бузулушуна байланыштуу.

Басма сөз каражаттарында көчүрмөлөө

Физикалык кайра жасоолор үчүн банкнот сүрөттөрүн кайра жасоого уруксат адатта бул критерийлер аткарылганда берилет:

  1. Кайра жасоолор бир жактуу гана болушу керек.
  2. Кайра жасоолор чыныгы банкноттордой өлчөмдө болбошу керек; алар жок дегенде 25% кичирээк же жок дегенде 25% чоңураак болушу керек. Банкноттордун бөлүктөрүн кайра жасоолор ушундай эле шарттарды аткарышы керек.
  3. Кайра жасоолор кемсинтерлик же орунсуз контекстте же Банк өзүнүн жеке пикиринде валютанын бүтүндүгүнө доо кетирет деп түшүнгөн жол менен берилбеши керек.
  4. Канышанын элеси эч кандай бурмаланбашы керек (чоңойтуу, кичирейтүү же эңкейтүүдөн башка).

Кийинки шарттардын жок дегенде бирөө аткарылышы керек:

  1. Кайра жасоолор Англия Банкынын банкнотторунун учурдагы сериясын басып чыгарууга колдонулган материалдардан көз көрүнөө башкача жана айырмаланып турган материалда басып чыгарылышы керек.
  2. Бир бетинин 50%ынан көбүн көрсөткөн кайра жасоолор 20°дан көп жантайбаса, "ҮЛГҮ" (SPECIMEN) сөзү менен үстүнөн жаздырылышы керек. "ҮЛГҮ" (SPECIMEN) белгилөөлөрү калың боз арип менен, банкноттун борбору аркылуу 45° жантаюуда, ноттун узунунун 1/3нен жана бийиктигинин 1/10нен аз эмес жасалышы керек.
  3. Бир бетинин жалпы бет аймагынын 50%ынан азыраак көрсөткөн кайра жасоолор жантайтылып же үстүнөн "ҮЛГҮ" (SPECIMEN) сөзү менен бастырылышы керек эмес.
Электрондук каражаттарда көчүрмөлөө

Санарип/башка кайра жасоолор үчүн банкнот сүрөттөрүн кайра жасоого уруксат адатта бул критерийлер аткарылганда берилет:​

  1. Кайра жасоолор кемсинтерлик же орунсуз контекстте же Банк өзүнүн жеке пикиринде валютанын бүтүндүгүнө доо кетирет деп түшүнгөн жол менен берилбеши керек.
  2. Канышанын элеси эч кандай бурмаланбашы керек (чоңойтуу, кичирейтүү же жантайтуудан башка).

Кийинки шарттардын жок дегенде бирөө аткарылышы керек:

  1. Бир бетинин 50%ынан көбүн көрсөткөн кайра жасоолор 20°дан көп жантайбаса, "ҮЛГҮ" (SPECIMEN) сөзү менен үстүнөн жаздырылышы керек. "ҮЛГҮ" (SPECIMEN) белгилөөлөрү калың боз арип менен, банкноттун борбору аркылуу 45° жантаюуда, ноттун узунунун 1/3нен жана бийиктигинин 1/10нен аз эмес жасалышы керек.
  2. Бир бетинин жалпы бет аймагынын 50%ынан азыраак көрсөткөн кайра жасоолор жантайып же үстүнөн "ҮЛГҮ" (SPECIMEN) сөзү менен бастырылышы керек эмес.