лв
KGS
Кыргыз сому
Өлкөлөр
Кыргыз Республикасы
Тилдер
Кыргыз
орус
Байланыш маалыматы

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Бишкек шаары, ул. Уметалиев көч. 101 Кыргыз Республикасы

Тел.: +996 31 266 9011
        +996 31 266 9226
Факсы: +996 31 261 0730
Эл. почтасы: mail@nbkr.kg

Банкноталарды көчүрмөлөө тууралуу жалпы маалымат

Өздөрүнүн касиеттери (өлчөмү, түсү, сүрөтү) боюнча төлөөдө колдонууда Кыргыз Республикасынын акча белгилеринин чыныгы купюралары катары кабыл алынышы мүмкүн болгондой банкноттордун сүрөттөрүн же алардын сүрөттөрүнүн кандайдыр бир жарым-жартылай даярдалышын (бир же бир нече түстөгү) пайдалануу, укук бузууну жасоонун куралы же түздөн-түз объектиси болгон буюмзатты конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык айып салынгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Басма сөз каражаттарында көчүрмөлөө

Эгерде банкноттун сүрөтү өтө чоңойтулган (130%дан кем эмес) же өтө кичирейтилген (70%дан кем эмес) көлөмдө, ошондой эле жарык реклама түрүндө берилсе, ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын расмий уруксатысыз эле улуттук валютанын бир же бир нече түстөрдө сүрөттөлүшүн жасоого жол берилет.

Басма түрүндө чагылдыруу үчүн биз банкноттордун цифралык сүрөттөлүшүн (дюймуна 150 чекитке уруксат берилиши менен) же банкноттун үлгүсүн убактылуу пайдаланууга сунуштайбыз. Ал материалдарда «ҮЛГҮ» деген жазуу диагоналынан түшүрүлөт. Эгерде ошол себептен банкнотту көчүрүп басуу жана мөөнөттөрү жана шарттары көрсөтүлгөн кол коюлган катты кайтарып берүү менен келишим шарттары кабыл алынган себептер көрсөтүлгөн учурда гана материалдар колго берилет. Бул сүрөттөлүштөрдү же алардын көчүрмөлөрүн сырткары адамдарга же уюмдарга берүүгө катуу тыйю салынган. Бардык алынган материалдар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкка кайтарылып берилиши зарыл. Пайдалануучулар материалдарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө карата чектөөлөр үчүн жооптуу болушат.

Бардык негативдер, фотопластинкалар, позитивдер, маалыматтарды сактоо үчүн цифралык аппараттар, графикалык файлдар, магниттик жабдуулар, маалыматтарды сактоонун оптикалык түзүлүштөрү жана банкноттордун толук же жарым-жартылай сүрөттөлүшүн камтыган иллюстрацияларды даярдоо учурунда колдонулуучу башка түзүлүштөр иштеп бүткөндөн кийин жок кылынууга же тазаланууга тийиш.

Электрондук каражаттарда көчүрмөлөө

Эгерде банкноттун цифралык сүрөттөлүшү жалпыга жеткиликтүү болсо, анда ал төмөнкү эки критерийди канааттандырууга тийиш:

  • Дюймуна 72 чекиттен ашпаган уруксат берилет.
  • Сүрөттөлүштүн диагоналына «ҮЛГҮ» деген сөз түшүрүлөт. Жазуу контрасттык түстө түшүрүлүп, анын узундугу сүрөттүн узундугунан 10%га кем эмес, ал эми тамгалардын өлчөмү - сүрөттүн туурасынан 10%га кем эмес болушу керек.