Борбордук банктар жана технологиялык өнөр-жайлар жасалма банкноттордун чыгышына каршылык көрсөтүү тобуна кошулушкан.

9 Март 2004
Эл аралык эсеп банкы (акыркы маалымат боюнча жаңыртылган)

Жасалма акчаларды басып чыгарууда жеке компьютерлердин жана ар кандай санариптик технологияларды колдонуу коркунучуна каршылык көрсөтүү үчүн, G10 тобунун борбордук банктарынын башчылары 2000 жылдын май айында борбордук банктардын тобуна жасалма акчаларды чыгарууда жеке компьютерлердин колдонулушуна тоскоол кылуучу системасын иштеп чыгууга тапшырма беришкен. 2004 жылдын март айында болуп өткөн жыйында, банкттардын башчылары бул чөйрөдөгү жылыштарды белгилешкен.

Жасалма акчалардын чыгышына тоскоол кылуучу системасы (Counterfeit Deterrence System, CDS) жасалма акчалардын чыгышына тоскоол кылуучу Европалык борбордук банкынын уюму (The Central Bank Counterfeit Deterrence Group; CBCDG) тарабынан киргизилген жана жасалма акчаны таанып билүү технологияларына ээ, ошондой эле жасалма банкнотторду чыгарууда жеке компьютерлердин, санариптик жабдуулардын жана атайын компьютердик программалардын колдонулушуна тоскоолдук кылат.

Алдыңкы катардагы жеке компьютерлерди жана программаларын чыгаруучу ишканалар, керектөөчүлөр жана жалпы эле коом дуушар болуучу жасалма акчаларын таанып билүүчү системасын өз ыктыярлары менен кабыл алышкан. Бул технология жеке компьютер же санариптик көчүрүүчү жабдуу колдонулганын аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес жана керектөөчүлөр бул технологияларда колдонулган продуктылардын эффективдүүлүктөрүн жана тез өнүгүшүндөгү эч кандай айырмачылыктарын байкай алышпайт.

Эгер кошумча маалымат керек болсо, төмөнкү веб-сайтка www.rulesforuse.org чыксаңыз болот, анткени бул жерде башка мамлекеттердин жасалма банкноттор боюнча эрежелери жөнүндө шилтемелер бар. Кээ бир мамлекеттерде жаңы технологиялардын жардамы менен колдоонучуладын банкнотторду басып чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн четтетсе деле, айрым борбордук банктарда (же кандайдыр бир башкаруу бөлүмдөрүнүн ) банкнотторду басып чыгарууда атайын талаптары болот. www.rulesforuse.org сайты жогоруда айтылган банкноттордун сүрөттөрү жөнүндө маалымат берет.

CBCDG (Жасалма акчалардын чыгышына тоскоол кылуучу Европалык борбордук банкынын уюму) деген эмне?

CBCDG тобунун негизги максаты – бул жасалма банкноттордун чыгышына алып келе турган опузаларын алдын ала алуу жана бул суроону караштырган башкаруучуларга чечим табууда көмөк көрсөтөт. CBCDG тобуна банкноттордун басып чыгарылышына жооп берген көптөгөн борбордук банкттар жана бөлүмдөр кирет.