Банкноттор жана жасалма болуп чыгышына тоскоол кылуучу чаралар

Дүйнө жүзүндөгү ар бир мамлекет банкноттордун сүрөттөрүн басып чыгарууда атайын легалдуу чектөөлөргө ээ. Жасалма валютаны чыгаруу бул - криминалдуу иш болуп саналат жана чектөөлөр мамлекетке ылайык айырмаланып турат. Мисалы, банкнотторду басып чыгаруу кандайдыр бир реклама же иллюстративдик максат менен болобу, бул ишке тыюу салынган. Эгерде кээ бир өлкөлөрдө банкнотторду басып чыгарууга жол берилсе да, баары бир атайын эрежелери жана талаптары болот. Бул веб-сайт сиздерге банкнотторду басып чыгаруу жөнүндөгү маалыматтарды берет жана башка өлкөлөрдөгү ушул суроо боюнча иш жүргүзгөн веб-сайттар менен байланышууга жардам берет.

Коом экономикалык жоготтууга учурап жаткан маалда, жасалма акчаларды басып чыгаруу негизинен чектелген, бирок баары бир мындай көрүнүштөн жабыркагандар булар - бизнесмендер жана жөнөкөй жарандар. Анткени эч ким жасалма акчалардан жабыркагандарга төлөп бербейт. Ошол эле убакта акча белгилерин жасалгалоо төлөө системасын да жабыркоого алып барат жана коомчулуктун накта эсеп келишимдердин убагында шектенүүгө жана ишенбөөгө алып келет.

Жасалма акчалардын чыгышына Тоскоол кылуучу Европалык Борбордук Банкынын Уюму (The Central Bank Counterfeit Deterrence Group; CBCDG) бул сайтка жоопту. Жасалма валютанын чыгышына Тоскоол кылуучу Система (Counterfeit Deterrence System, CDS) CBCDG тобу тарабынан киргизилип, жасалма банкнотторду чыгарууда жеке компьютерлерди, санариптик жабдууларды жана атайын компьютердик программаларды колдонууга тоскоолдук кылат. CDS компьютердик программаларын иштеп чыгуучулар тарабынан өз ыктыяры менен киргизилип, бул система жасалма банкнотторду чыгарууда жеке компьютерлерди жана электрондук көчүрмө аппараттардын банкноттордун сүрөттөрүн жазып жана чыгарууга тоскоолдук кылат. Бирок CDS системасы жеке компьютерлердин жана санариптик көчүрмөлөрдү колдонуучулардын ишин көзөмөлгө албайт.

Кандайдыр бир мамлекет же ошол мамлекеттин банкнотунун сүрөтү жөнүндө маалымат алгыңыз келсе, төмөнкү картадан ошол регионду, өлкөнү же валютасын тандап алсаңыз болот.